
Урматтуу энелер, эже-карындаштар!
Сиздерди 8-март Айымдардын эл аралык майрамы менен «Ордо» саясий партиясынын атынан чын дилибизден куттуктайбыз.Сиздерди бүгүнкү Эл аралык 8-Март майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Ар бириңиздердин үйүңүздөрдө мээрим жана тынчтык болсун. Жаркыраган жаз менен бирге келген шаңдуу майрамда ар бириңиздердин ажарыңыздардан күлкү жана кубаныч жанып турсун.
Сиздер үй-бүлө очогун өчүрбөй, бала тарбиялоо менен бирге, коомдук- социалдык жана экономикалык ишмердүүлүктө ийгилик жаратып жатканыңыздар мактоого татыйт.
Бүгүнкү майрамыңыздар менен асылзат айымдар!
Эң негизгиси чың ден-соолук, узун өмүр каалайбыз!
Ойлогон ой-максаттарыңыз, тилеген тилектериңиз ишке ашып, орундалсын!
Ар дайым жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпесин.