
Ордо партиясы түптөлүп жатканда, Кыргызстанда эки жүздөн ашуун саясий партиялары бар эле. Мындай жагдай, бөлүп-жарып башкаруу принциптери менен коомду калчаганга оңой, деп белгиледи Ордо партиясынын негиздечүүсү жана төрагасы Мирбек Мияров. Жаңы партия, бөлүнгөн коомду бириктирип туруп, бардык прогрессивдуу күчтөрдүн ордосу болуп берет, ошондуктан бул партиянын аталышына эң негизги себеп болгон.
Партияда өзүнүн атын булгаган адамдар жок! Ал нерсеге өзгөчө көңүл бурулат! Мирбек Мияровдун айтымында эски саясатчылардан кошулуу боюнча көптөгөн сунуштар болгон. Бирок андай сунуштар четке кагылган! Себеби ОРДО партия өзүнүн тарыхын актай барактан баштагысы келет!
Жакында эле “Ордо” саясий партиясына “Кыргызстан жаштар партиясы” кошулган. Бул кадам кокустан болгон жок дейт анын лидери Рустам Юсупов. Анкени ордо саясий партиясы менен алардын максаттары принциптери дал келет. Бул люстрация жана коррупция менен күрөшүү
Ордо партиясынын тизмесинде Иса Өмүркулов бар. Ал Ордочулардын суроосу боюнча өзүнүн хит болгон ырын тартуулады!